жалп
- Кандайдыр бир көрүнүштүн же аракеттин (мисалы, күйгөн от, чабылган чөп) тез, көз ирмемдин ичинде жок боло калышын көрсөтүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара ташка далк этип, / Катуу тийди даңк этип, / Сынып кетти бир буту, / Кашка жилик шаңк этип, / Секирип кобо калам деп, / Жыгылып кетти жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайраты толук арстаның, / Аттан түшүп калган жок, / Жайылып этек, жалп этип, / Жаныбарым Аккула, / Кырга чыкты шып этип, / Жыгылбай турган баатырга, / Бетине чыдап баралбай, / Жаза атып салдым, — деп, / Атына минип Көкчө көз, / Ай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аскерге барып түштү эле, / Арасын ача бергинче, / Элүү-кыркы алдында, / Жерге кирди жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кара оозунан кан кетип, / Кабылан кайран Семетей, / Кара жерге жалп этти!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кылычы колдон кыңк этип, / Үнү угулуп зыңк этип, / Учуп барып түштү эле, / Алда кайда жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →