жалоору
- Кандайдыр бирөөлөрдөн жардам күткөндөй жалжылдай кароо, кандайдыр бир өтүнүчү бардай телмире кароо, сураныч менен боор ооругандай аянычтуу абалда жалдыроо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чоң Бодоңдон кеп угуп, / Өлүмдөн коркуп жалооруп, / Өзүн-өзү сындырып, / Катын баасы деп угуп: / — Коркпосоң кел майданга!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жакшы айтып келсең жалооруп, / Ар ишиңди кечейин, / Өчөшүп келсең элөөрүп, / Так башыңды кесейин” / Деп ойлонуп Кененим, / Жалгыз жүрүп көптү алган, / Нойубаган эреним, / Эрлик жолдон тай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ээр-токумун жыйар жок, / Оору болсо жалооруп, / Маңдайынан сылар жок, / Кара башка күн түшсө, / Кан какшап ыйлап турар жок, / Үч убак тескеп үйрүлүп, / Күтүп турар айал жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жан толтурду жерге, деп, / Жалгабастан адамды, / Жалоорутуп алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ы ошол алашты, / Ойлогонун бүт айтат, / Койкүрөң менен койгулап, / Шер Сейитек баратат, / Сейитек анда муну айтат: / — Он күндүн алды жагында, / Жалынып сүйлөп жалооруп, / Уруксат алдың алдымда, / Ашөпкө кепти кыласың, / Абайлабай алыңа, / Кетер жолуң байланган, / Баралбайсың шаарыңа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →