жалмаңда
- Жаланып-жуктанып жутунган абалда болуу, тамакты көргөндө же ичип-жегенге келгенде ачыккандай тынчсызданып жутунуу.
- өт. Шыпылдап-шапылдап жутунган, жалаңдаган көрүнүштө болуу.
- Соймоңдогон сыяктуу көрүнүштө болуу.
- өт. Мизи шылып түшө тургандай өтө курч болуу (көбүнчө миздүү куралдарга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Козголуп колум аттан!-деп, / Мага киши жиберип, / Каракалпак азган, деп, / Көчүрүп кел бардыгын, / Кечикпестеп чапсан!-деп, / Чакчелекей түшүрүп, / Аскерин айдап дүрбөтүп, / Ат куйругун түйдүрүп, / Карманап киши салат, деп, / Катуу жаман күйүгүп, / Маңгыттын көбү жалмаңдап,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колбутуп аскер жам кылып, / Койбой баарын айдасын, / Үйүр агып сел келсин, / Астын үстүн көп келсин, / Жаалы катуу эр келсин, / Жалмаңдаган шер келсин, / Жалындап күйгөн от келсин, / Жайнаган кызыл чок келсин, / Мылтык атып, жаа тартып, / Жамгырдай түшкөн ок келсин, / Баатырлардын тукуму, / Баары калбай бүт келсин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →