жалман
- Жаланып-жуктануу, жалмалоого аракет кылуу, жутунуу.
- өт. Жалмаңдап өтө курч болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…атар сайып салыптыр, / Ошол кезде Кардыгач, / Төбөсүнө түйгөн чач, / “Карманап башын кесет, -деп, / Кайнимдин канын ичет» — деп, / Мингизип берген бай Жакып, / Жалманкөк деген ат эле, / Камчыга бөлөп көк атты, / Кардыгач барып тийди эле, / Каңгырап каапыр турганда, / Кардыгач найза урганда, / Бадыкөлдүн тулпары, / Чөгөлөй түшүп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кендирбайдын Керкөкүл, / Жаңыдан колун кураган, / Жалманган жоодон жанбаган, / Табы күчтүү кор экен, / Тамылжып турган зор экен, / Ээрчитип келген кишиси, / Жыйырма беш сан кол экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалгыз көздү жалманган, / «Укмуштан угуп, өлдү — деп, Урумдун эли кубанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →