жалжылда
- Жалооруңку кебетеде же өтүнгөн, суранган кыязда жалдырай кароо, көз жайнап жалооруй кароо, көзү балбылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мөңкөтай көзүн ачкынча, / Медеркан кирди аңгыча, / Медерканды бир карап, / Мелтилдеп көзү жалжылдап, / Баштагыдан беш бетер, / Титиреди калчылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Атасынын бир көрү, / Жанымды айап нетейин, / Кызыл ооз жалтыр көз, / Жалжылдаган Кененим, / Каныңды сени ичейин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жалжылдап турат көздөрү, / Сүйлөбөй турат өздөрү, / Тирүү турат жандары, / Баспай калган аттары, / От каптаган жолдорду, / Кармалбай калган колдору, / Кагып турат жүрөгү, / Каргашалуу канчыктын, / Таштай катсын тилеги.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Балама атасынын чынысын, / Сыр чыныга бергин”, — деп, / Семетейди алдады эле, / Коркконунан Бакдөөлөт, / Чынысын алып калтылдап, / Баланы карап жалжылдап, / Кооп турду титиреп, / Бүткөн бойу дүркүрөп, / Басалбай кемпир бүжүрөп, / Араң өйдө турду эле, / Колуна алып Семетей, / Билбегенсип кенедей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сени утурлап, Абыке, / Келе жаткан мен эмес, / Жолду карап чакыйып, / Жалжылдады нечен көз, / Таласка жакын жер эмес, / Жолуктуң жолдон мага кез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →