жалжал
- Жоодураган, жалжылдаган, жадыраган абал (көбүнчө көзгө карата).
- Кандайдыр бирөөдөн жардам күткөндөй жалдыраган, өтүнүчү бардай караган абал.
- өт. Жактырган селки, сүйүктүү аял заты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Албаса да Калдыгың, / Жолтоо катын кылат, деп, / Алтымыш уруу алашка, / Угулуп калса уйат, деп, / Көзү кыйбай алганым, / Мага окшогон жалжалым, / Соодагер болуп келгенбиз, / Чаңбейсенге барарда, / Эримди үйдөн Курчун хан, / Аскерге алды айдатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ттап өтпөгөн, / Бүгүнү менен эртеңин, / Опол тоодой так көргөн, / Жатты тарткан жакындай, / Кадыры эрге алтындай, / Куйулма ооздуу ширин сөз, / Кокойгон мойун, жалжал көз, / Бети кызыл чыландай, / Карахан кызы Каныкей, / Кастарлап алган зайыбы бар, / Топ жубандын ичинде, / Чолпондой болгон дайыны бар, / Айтылып жүргөн өр кыз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Берегинде бешмантчан болуп, желденип, эки колун артына алып челкейип турган Ыбыкеге бечара дунган жалжал карап коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →