жалдыра
- Эси оогондой шалдайып максатсыз карап отура берүү, кыймылсыз бир нерсени тиктеп калуу.
- Бирөөдөн кандайдыр бир жардам күткөндөй, сурангандай жалооруп кароо, жал-жал кароо, өтүнүч кылгандай кароо.
- Көзү балбылдап жайноо, жалжылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жакшы жаман кеп чыкпай, / Жалдырашып оозунан, / Кеп айттырып Калдыкка, / Өз атасы Турмайлык, / Чоң атасы Доосунан, / Ошондо айтты Бетирке: / — Хан кылганбыз баарыбыз, / Карыңыздан жаныңыз, / Калганды камап олтурбай, / Айланы таба салыңыз, / Баш бурбайбыз баарыбыз, / Көөдөндө турса жаныбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Шаңкайлыктын малы бар, / Баарын угуп Дабытай, / Эки көзү жалдырап, / Колу-буту шалдырап, / Тил байланып, балдырап, / Бойго кирип калтырак, / Олтуруп кетип бир далай, / Чоңдорун такыр чогултуп, / Топтуу караан олтуруп, / Корос…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Не кылат деп чатырда, / Чындап уйат болбосун, / Эми киши чаптырса, - / Угуп Агыш алдырап, / Бадана тону шалдырап, / Барбагын деп айта албай, / Көкмончок калды жалдырап, / Уйалып келген эр Агыш, / Манаска айтат жабырап: / — Чукулга өтө тың элем, / Узакка анча жок элем, / Кармаганда Кошой эле, / Каткырыкты салчу элем, / Кабуусу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Көптөн бери көрбөгөнгө сагынып калгандай мага куйругун булгалап, көзүн жалдыратып, эркелеп коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →