жалдуу

китептерде 36 жолу, 8 китепте
  1. Жалы бар, жалы чоң.
  2. Эттүү, эти толук, семиз, жал алган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ортосунда Бекбача, / Сарала атчан, сары сакал, / Кара бойун чаптаган, / Карк алтынга каптаган: / Оң жагында бирөө бар, / Темир көк жалдуу ат минген, / Көпкөк темир кийинген, / Өңгө жандан бойу узун, / Көргөн адам өлгүндөй, / Ким көргөн мындай жумушун; / Сол жагында бирөө бар, / Кылы тайкы кулун ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…рүнө, / Атынан айтып чакырып, / Тирүү киши турмайалык, / Өлгөнгө кошо асылып, / Кененим айтат мамындай: / — Апкаарыдың Дабытай, / Качырып найза уралбай, / Кара жалдуу чоң кула ат, / Мингениме жарашат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кангайлардын Ороңгу, / Кара жалдуу Борончу, / Кырмузшаанын Мурадил, / Калмактардын Уушаңы, / Кедендердин чоң Жолой, / Манжулардын Нескара, / Кечилдердин Коңурбай, / Кеңешкордон жетөө бар, / Кели… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалдуу шерди көргөндө, / Каргаларча каркылдап, / Калмагынча баркылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →