жалдан2
- Кыр болуп жондонгон абалга келүү, жал сыяктуу кыр тарткан көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ичтери көөп дум болуп, / Мурундары барбаңдап, / Бир балтадан чыга албай, / Каары катуу көк жалдан, / Өлө берди мээ жайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Багыштын Толтой баласы, / Чечекейдин Карасы, / Чынкожо менен достошуп, / Талашып катын алам, деп, / Семетей жолборс көк жалдан, / Өлүп кеткен карачы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мал берсең малга алданат, / Пул берсең пулга жалданат, / Кемип калган күнү эле, / Баламдын кунун бергин, деп, / Жесир Магдым чуу салат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андай күндү көргөнчө, / Куткарбаска жалданып, / Хан тактада өлөйүн: / Эр өлтүрдүм, кан төктүм, / Көп мээнетти мен көрдүм, / Мелтиреген сулуунун, / Кызыгын бүгүн көрөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Мен да ошого жалданып кой айдашып кеткени жатам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →