жалда

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Бирөөгө акы төлөп жумуш иштетүү, бир ишти аткарууну тапшыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тажиктердин Көкбөрү, / Түбүнөн бузук арам кул, / Тынч элге салып козголоң, / Коросон менен испанды, / Копурук салып козгогон, / Маңгыт менен калмактан, / Алардан аскер топтогон, / Каракөздү жалдаган, / Жедигер элин айдаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Пулуңду берип жалдадың, / Колкосуна пулуңдун, / Кандык атты сен алдың, / Үч жылдан бери ажарлык, / Кырк нарга жүктөп буудайды, / Сур тайды сатып сен алдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ан элден барбайт, деп, / Кабыландан тартынбас, / Тазбаймат ишке жарайт, деп, / Тазбайматты колго алды, / Атын берип алдады, / Эбине аны келтирип, / Тонун берип жалдады, / Эшиктен кирсе шарт туруп, / Урматтап көпчүк салганы, / Сүрсүгөн эттен дайардап, / Тапканын туура кармады, / Аты-тону турмайлык, / Өздөрүн айап калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоросу кош алып, / Көргөн адам таң калып, / Көк жалдар жүрдү жол тартып, / Көк жалда жүргөн жеринен, / Тополоң уйуп жол чаңдап, / Бөкөйдүн бөксө чөл менен, / Бөрү жүрбөс жол менен, / Казылган кара шор менен, / Карышкыр жүрбөс бел менен, / Жөнөп кетти калдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алтын берип алдады, / Малын берип жалдады, / Коросон, ооган, испанды, / Кошуп алды буларды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →