жалгыздык

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Ата-энеден жалгыз болгондук, бир туугандары жоктук, каралашар же күйүшөр кишиси жок жеке өзү калгандык, санаалаш, пикирлеши жоктук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Майдандагы Жагалмай, / Жаштык кылып апкаарбай, / Жалгыздык кылып жалтанбай, / Алдында келген чоң дөөнү, / Сайып өттү жазганбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…тым Солалы, / Эркелетип кийинче, / Сошойа, деп ат койду, / Талашканым жер болду, / Таалайым андан кем болду, / Атышып чыгып тогоштум, / Коңурбайга жолгоштум, / Жалгыздыктын айынан, / Жалтаарып чыккан жолборсмун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кеми турат сарамжал, / Эркек бала муунум жок, / Ханда мендей муңдуу жок, / Жалгыздыгым ойлосом, / Жалындап күйүп ичим чок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сызып келет Токтосарт, / Жалгыздык кылып эринбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жалгыздыгы мына бу, / Чагы менен жаадырбай, / Кар жаадырып салышы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →