жалгызда

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Башкалардан бөлүнүп четтөө, обочолоо, өзүнчө жеке калуу, башкаларга кошулбай калуу.
  2. Жекелөө, көп киши бир кишиге кысымчылык көрсөтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалгыздап четке чыкканда, / Чендеп аны караса, / Балтыр эти чаначтай, / Сан миңдеген жоо болсо, / Сайгындай эстен адашпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Топ-топ качкан немесин, / Тоодак тепкен шумкардай, / Томолотуп баратат, / Жалгыздап качкан немесин, / Жара сайып жүлүнүн, / Канын жайып баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жалгыздатпай баатырды, / Баарыбыз такыр бололу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арамдык кылып жалгыздап, / Бастырса өтөөр суу бойлоп, / Алмамбет анда соо койбойт, - / Болоор ишти болжолдоп, / Эр Чубакка туйгузуп, / Чубакты мында тургузуп, / Азганакей агын суу, / Алмамбет кетти бургутуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Кэзде үйдөгүлөр урушуп жаныма кайгы батканда өзүм атайы жалгыздап, ушул жакка кетип калар элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →