жалгандык
- Туура эместик, төгүндүк, чындыгы жоктук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атырдай жыты буруксуп, / Адамды алдайт шум дүйнө, / Алтын алып, мал алып, / Ажалга калды бул күндө, / Жалгандыгын билгизбей, / Шектендирди бул күндө, / Биз баашабыз деп келген, / Коргондон башка шаары жок, / Коркот деп бизден кыргыздар, / Жалгандыгы дүйнөнүн, / Жалдыратат ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эл түгөткөн шумпай кыз, / Куткарбастан кеп угуп, / Кеп укканда жеме угуп, / Сейитини жаратпай, / Качканың жалган, — деп угуп, / Баштады кебин шум канчык, / Кашын серпип көз сүзбөй, / Айта турган кебинин, / Жалгандыгын билгизбей: / — Элим кыргыз жедиңер, / Жетисуу деген жерденмин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →