жалган1

китептерде 300 жолу, 9 китепте
  1. Калп, туура эмес, төгүн, чындыгы жок.
  2. Чыныгы эмес, жасалма.
  3. өт. сүйл. Күнүмдүк дүйнө, бу дүйнө, түбөлүк эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түбүбүз тууган бир экен, / Ошон үчүн түтө албай, / Кебимди айтып мен турам, / Тил алсаң баргын айлыңа, / Тим эле калбай кайгыга, / Жакшы жаман кеп кылбай, / Ак никелүү зайыбыңа, / Унчукпай болгун кылмышкер, / Жалган күмөн айыбыңа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Ханы менен карадан, / Улуу-кичүү баарыдан, / Өмүрүндө Күдүктү, / Бирөө жалган дебеген, / Чабалайча бүгүнкү, / Түк укпаган жемеден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эмчегин берген Каныкей, / Торпокко салып кардадың, / Эмип кетсе бир торпок, / Какжаңдатып сабадың, / Ыраспы жалган иштериң, / Кантип тузаа табасың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жалганы болсо сөзүмдүн, / Көрбөйүн калган өмүрүм, / Аккелтенин огу урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көтөрбөскө чара жок, / Падышанын милдетин / Бу дүнүйө жалганың, / Ичимде көп арманым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →