жалга

китептерде 23 жолу, 9 китепте
  1. Улоо, бириктирүү, улаштыруу, кошуу.
  2. өт. Колдоо, жакшылык кылуу, жардам берүү маанилеринде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көзүнүн жашы буурчактап, / Нурфану турду кыйлага, / Бекбача сөзүн жалгады, / Токтоло түшүп кыйлада: / Нурзат шаанын жалгызы, / Азыркы сенин турушуң, / Бул жалгандын нур кызы, / Ар канчалык иш болсо, / Жашырбастан айтсаңчы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мал оттосо жай алган, / Маралдын оту бөксөнүн, / Мал жалгаган чөптөрүн, / Пайдасын эч бир көрбөдүм, / Башымды кошкон Көкчөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кагазга жазган пенде жок, / Ооздон оозго жалгашкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жаратканга жалынып, / Жалгай көр кудай деп айтып, / Шаймерденим колдо деп, / Жарыйалап бек айтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип, өзөк жалгап алдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →