жалбыртта

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Алоолонуп, жалындап күйүү, жалын көтөрүлүү.
  2. өт. Өткүр, курч болуу, өтүмдүү болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тууралай басты кылчайбай, / Жайнаган кызыл чок турат, / Жалбырттап жалын от турат, / Отунга сөөк аралаш, / Жыйналган отун көп турат, / Отко салды темирди, / Отунду салды кеңири, / Сөөктүн майы сызганда, / Дүрүлдөп жалын чыккан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анын арка жагынан, / Жана көрдү караанды, / Аркасында көрүнгөн, / Жалгыз эмес топ келет, / Жалбырттан күйгөн от келет, / Жайнаган кызыл чок келет, / Аңгычакты бурулду, / Алты сай мөндүр асмандан, / Чагылган чагып куйулду, / Күрүлдөп шамал угулду, / Кантип айтып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жайнап чыккан кызыл чок, / Кылымда мындай болгон жок, / Алоолонгон түтүн жок, / Жалбырттап чыккан от болуп, / Жер бетинде күйүп чөп, / Жердин бети жалбырап, / Жалындап от жайылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жамынган сооту, минген ат, / Жаштардан мындай жан чыкпас, / Жалбырттап өзөк өрт болуп, / Жаадыма түшөт өткөн жаш, / Жакындап келип калыптыр, / Жаалысын жүзгө салыптыр, / Жаш жолборс изди көрбөсүн, / Жүр эжеке кайра бас, / Шамал сы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Шашкан бойдон коломтодо жалбырттаган оттор жанган бойдон, асылуу казандар асылган бойдон жайнап кала берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →