жалбырак

китептерде 44 жолу, 9 китепте
  1. Өсүмдүктөрдүн абадан азыктануу жана газ алмашуу функциясын аткара турган, түрдүүчө формадагы, көбүнчө көгөргөн жашыл түстөгү органы. Теректин жалбырагы, жоогазындын жалбырагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрт айактуу айбандан, / Арстан эрге келтирбей, / Эки тулпар кайтарган, / Кабылан Манас баатырың, / Кетмек болчу кансырап, / Аккуласы баатырдын, / Калдыркандын жалбырак, / Жарасын жаап жабуулап, / Кан катырып калдыркан, / Кеткени жок кансырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…токойдон, / Мүйүздөрү тарбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп карашып, / Тал менен кайың бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Сар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Коңур күз болбой жалбырак, / Сабалып түшүп жер жапты! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Аргымак тартып тургуздуң, / Мага кылган үчөөңдүң, / Арбын болду жумушуң, / Колума берип карматып, / Жалбыракты жуткуздуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Бүгүн күздөн кабар бергендей күн суук тартып, теректин жалбырактары куюлуп, жер бети сөөктөй кубарып, аба салкындап, чыкыроон тартып турган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →