жалбар

китептерде 46 жолу, 9 китепте
  1. Эркелеткен мээримдүү сөздөр айтуу, жалынуу.
  2. Жалынып өтүнүү, жалдырап сурануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…алып, / Коросон менен испанды, / Катар чаап олжо алып, / Кыргызга анан келели, / Таласына кол салып, / Коросон испан элдерин, / Катар чаап алганда, / Өзү келет жалбарып, / Ооган кошо барганга, / Кабар берип Каңгайга, / Бетиркени алабыз, / Алты хан эли баш кошуп, / Анан Талас барабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…нде, / Кармады Чигитей найзаны, / Ушул урган найзада, / Тоодой болгон чочкону, / Томкоро сайып салганы, / Кобо калып ордунан, / Коркконуна чыдабай, / Чигитейге жалбарды: / — Чигитей кыргыз, мен ооган, / Ырас чынын айтканда, / Кубатай менен урушуп, / Пейлим менин бузулган, / Күч сынашсам экен, деп, / Көңүлүмдө бул турган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жараткан кудай сен дедим, / Жалбарган пендем мен дедим, / Мурунку өткөн эрлерди, / Кулагым уккан кептерди, / Ойума алып эстедим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чойтолоң такка мингенде, / Колуна хандык тийгенде, / Куткарбастан күмөнсүп, / Арамдык ичке киргенде, / Сейитиге жалбарат, / Түркүн түйүн сөз табат, / Сейитини алпарып, / Куткарбаска бир салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алтын алып, ат алып, / Кыз бергиниң мага деп, / Кимге барам жалбарып?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →