жалаңкыч

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. миф. Өлүм, ажал келтирүүчү жан алгыч, жан алуучу.
  2. өт. Үрөйү суук, түрү суук, коркунучтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаалысы келсе жан ачып, / Жалаңкычтын өзү экен, / Терисине сыйбастан, / Теминип турган кези экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жыйырма бешке чыкканда, / Ат көтөргүс дөө болгон, / Амалсыздан жөө болгон, / Эр Сейтек бабам кел, / Жан бүткөндө жаралган, / Жалаңкыч Сарык наам алган, / Кутулуп сенден ким калган, / Кененим келгин чоң атам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жалаңкыч сары сен болсоң, / Кутургурдун уулумун, / Суудай төгөм каныңды, / Бош кыламын шаарыңды, / Кыдыртып жүрүп кылымга, / Жоготом кыргыз баарыңды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тогуз жашта аттанган, / Токсонго чыга жашаган, / Ырайым кылбай душманга, / Жалаңкыч сары атанган, / Көптү көргөн карынын, / Сөзүн эстен чыгарган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ошондо жүрбөгөнүн көрөйүн, мен айкырып калганымда Беккул карышкырды көрө коюп, жакын калган жалаңкычтан качкандай, жанын таштап бизди карай бир безилдеп келет дейсиң... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →