жалаңда

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. Шыпылдаган, шамдагай көрүнүштө болуу, өткөрө өтүмдүү, шылуун болуу, жулунуп-жутунган мүнөздө болуу.
  2. Абдан өткүр, курч болуу (көбүнчө бычак же миздүү кынсыз куралдар жөнүндө).
  3. Кааруу (мисалы, катуу суук жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйкырыгы таш жарып, / Таштан өтүп баш жарып, / Кылычты шилтеп ийгенде, / Жалаңдаган кылычты, / Сырты менен балтанын, / Жалпагына какканда, / Кырк бир жерден кылычы, / Кыйрап кетти ар кайда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сарык келет калдаңдап, / Этек-жеңи далбаңдап, / Жерге түшсө өлөт, деп, / Көргүлүгүн көрөт, деп, / Арстан Гүлүс алаңдап, / Алдыңдагы Сур койон / Чабына батпай жалаңдап, / Алымсарык балбанды, / Түшүрбөй кармап алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кара дөөлөп акырып, / Өзүнү атын чакырып, / Оро-пара маңдайдан, / Үзөңгүгө тамандап, / Чокуга чаап жиберди, / Ээрдин тиштеп жалаңдап, / Чак деп үнү угулуп, / Башы кетип капкайда, / Балтанын сабы суурулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кылычын кармап жалаңдап, / Кырмакчы болду качырып: / «Кырып ийип, баарыңды, / Суудай төгүп каныңды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жалгыз уйдан айрылган соң, бир-эки күндөн кийин үй ичибизди Кетменге алып барып сатып жиберип, идиш-аякты жалгыз тору атка жүктөп, калганын өзүбүз көтөрүп, жөө жалаңдап биз да чубадык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →