жалаң
- Башка эчтемеси жок кошумчасыз, бир гана, жалгыз.
- бөл. м. Чылк, өңчөй, ылгый, бут.
- Жылаңач, жабылбаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кырылышып өлөмүн, / Жалаңгыч сары Кененим, / Ойлонбоптур өлөрүн, / Көп кишинин бириндей, / Мени ошондой көргөнүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…азып келгели, / Залалым сага тийбеди, / Алты жүз эле жылкыңыз, / Азыр алты миң болду, / Айтылып элге дүң болду: / Коңгуроолуу кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…онуптур, / Чоңойгондо Бадыкүл, / Опсуз балбан болуптур, / Атасынан бешбетер, / Бет алган жакты соруптур, / Пендеден башка чоңойуп, / Тең жаткандай катын жок, / Жалаң бойдок болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаканын жалаң бойуна, / Жанашып айыл, бээ байлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →