жалан

китептерде 73 жолу, 10 китепте
  1. Көбүнчө эриндерин, уурттарын ж.б. тил менен жалмалоо, жалоо, тилдин учун тийгизүү.
  2. Сугалактанган, жутунган, демиткен абалда болуу, жалмаңдоо.
  3. Каарыган же жалаңдаган сыяктуу муздак шамалдуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыл муруту бириндеп, / Кирген нардай күркүрөп, / Кейпин көргөн адамдын, / Бүткөн бойу дүркүрөп, / Аркасынан чаң калып, / Ач бөрүдөй жаланып, / Жан айабай качырды, / Манастын уулу жаш Асыл, / Андан кайдан шашылды: / — Сен, Көкбөрү, мен Асыл, / Жандан тойсоң, кел, баатыр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…дары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыландай, / Ээрди-мурдун жаланып, / Найзасынын учунан, / Кере кулач от жанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаңгырды карап алайып, / Алдыңкы ээрдин жаланып / — Береминби, бербеймин, / Өзүм билем мал-пулум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колундагы чынары, / Жалбырак калбай күбүлүп, / Бутактары сынып түгөнүп, / Өзөгүнөн чынары, / Тараша кетип жарылып, / Шалдырап калган кези экен, / Көзүн ачып алайып, / Алдынкы ээрдин жаланып, / Эки жагын каранып, / Сейитке уруш салам, деп / Дагы чынар таап алып, / Бастырды Чанак далайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чокмор тийип дүп этип, / Эңкейе түшүп шылк этип, / Ээрдин тиштеп алайын, / Койго тийчү бөрүдөй, / Эки жагын каранып, / Уйдай мурдун жаланып, / Кара дөөгө Кутургур, / Жаман тийди жан ачып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →