жалама

китептерде 11 жолу, 7 китепте
  1. Жылма, илинер урунчугу жок, жылмакай, бодурсуз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алды жагын эңкейип, / Карап көрсө хан Калдык, / Жалама жалтаң зоо экен, / Жалгыз аттын жолу экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Капчыгай өрдөп барганда, / Күндүк жери капчыгай, / Ак элечек тоо экен, / Этек жагы жалама, / Мелтилдеген зоо экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Каалгасын караса, / Жалама жалтаң зоо болуп, / Кап бетиндей кулпу бар, / Көрүнүп турат томпойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жалама темир миспичак, / Жанынан сууруп алды эми, / Кардын жарып салды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…мдук, / Тоо дүңгүрөп, суу толкуп, / Замана башка кубулуп, / Айбаттуу доош угулуп, / Күүгүм түшүп келаткан, / Күн тийгендей жаркырап, / Тоонун бети жаркылдап, / Жалама таштар жалтылдап, / Көк мелжиген бийик тоо, / Козголчудай калтылдап, / Бойу эрип Сомбилек, / Эт жүрөгү балкылдап, / Сорпо ичкендей тер агып, / Бүткөн бойу былч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →