жалакта
- Жалаңдоо, көз артуу, шыпылдоо, колдон суурулуп шыпылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алактаган Буракүң, / Эки жагын каранып, / Жалактаган Буракүң, / Мас болгондой кылчыктап, / Шалактаган Буракүң, / Короздой мойнун көтөрүп, / Койкоктогон Буракүң, / Капканга түшкөн түлкүдөй, / Тойпоктогон Буракүң, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эки буту салбактап, / Эки этеги далбактап, / Калканы жондо калдактап, / Кээрлүү киши Жаркабак, / Кирип келди далдактап, / Эки көзү алактап, / Мойну кеткен шалактап, / Жан койбостой түрү бар, Атырылып жалактап, / Түр көрсөтүп ошентип, / Далайды алчу карактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эсин жыйып жалактап, / Элөөрүгөн баатырың, / Оңолуп минип сермелип, / Алдындагы Сур атка, / Айабай камчы бир салды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— деди жалактап кирип келип, Бейшемби экөө теңтуш эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →