жалаа
- Жалган жеринен бирөөгө коюлган күнөө, шылтоо, доо, жалган айып.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыйын курба талаада, / Өөдүк-сөөдүк кеп айтып, / Жакын болбо жалаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көөдөнгө айтса сыйбаган, / Кургак жерден сөздү таап, / Ак кишини кара деп, / Арбыттың чырды жалаа жаап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Ханга жагып кетти – деп, / Билди кеңеш кепти” – деп, / Аз сандуу ордо адамы, / Ичтери көөп тарсайды, / Көрүнөө алы келе албай, / Көргөзүп кастык кыла албай, / Эч жеринен ойлонуп, / Кенедей өөн таба албай, / Намысты таштап ыргытып, / Жалаа жабат уйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Артыңа бизди сала кет, / Жаныңдан карыш айрылсак, / Биз калабыз балаага, / Кайра барсак ал жерге, / Капташабыз жалаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
– Бакбай балааңдан, жакпай жалааңдан - деп качып жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →