жал

китептерде 215 жолу, 10 китепте
  1. Кээ бир айбандарда моюндун кырына узатасынан чыккан кыл.
  2. Жылкынын мойнунун кырындагы узатасынан кеткен майы, майлуу бөлүгү.
  3. Кыр-кыр болуп узатасынан кеткен тилке, кыр болуп турган кырка жээк, кыр сыяктанып жондонуп кеткен жөөк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрт айагы кула аттын, / Топону көккө сапырып, / Жал-куйругу жайылып, / Катап келген көпчүлүк, / Калбай баары жабылып, / Жанаша албай кула атка, / Шамал артта калыптыр, / Ачып көздү жумганча, / Коросондон коргонго, / Кененим жетип барыптыр, / Дарбазасы сом темир, / Коргону бийик бир сеңир, / Эшик эндүү ай балта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Күпүлдөгөн Чынаача, / Минген аты бир башка, / Сопол куйрук, жыртак көз, / Кызыл ээк, тайкы жал, / Алдында минген бууданы, / Ак чаар экен ыраңы, / Ал качырдан жалгашкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак жал минип абакең / Сүтбоз менен энекең, / Койкүрөң менен Сейтек, / Ак куу болуп Айчүрөк, / Күн-түнү жок желиптир, / Кайыпчы жете келиптир, / Арстан Гүлүс караса, / Абакең келет шалкылдап, / Ак сакалы жаркылдап, / Каныкей келет каркылдап, / Эмчек сүтү тамчылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аркасында укмуштуу, / Айдар кара жалы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эки улак кетип бара жатканда алдынан көк жал карышкыр каршы чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →