жакыр

китептерде 40 жолу, 7 китепте
  1. Абдан кедей, жарды, турмушу начар, оокат-тиричиликтен кысылган букара.
  2. сейр. Эч нерсе өспөгөн, такыр, кумдак, таштуу жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жакыр пери бай болду, / Жоксуздарга пул толду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дабытай турду муну айтып: / — Сен Саламат баатырсың, / Тил албаган жакырсың, / Сага айтпай мен кепти, / Сенден качан жашырдым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Топко кирди жарылтып, / Кишинин баары элейген, / Тирүү туруп элейген, / Тил күрмөгөн киши жок, / Кими менен иши жок, / Кырк баатыр жүрөт бакырып, / «Манастап» ураан чакырып, / Кара кытай, калмакты, / Айдап жүрөт жакырып, / Эрен Чубак, Сыргактын, / Эсендигин көргөндө, / Айкөл Манас баатырдын, / Көөнү кетти ачылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жери какыр, эл жакыр, / Кыйынчылык шол экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Баштап алып баатырын, / Жанынан тойгон жакырын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →