жакынкы
- Тез аранын ичинде, аз убакытта, боло турган, жакында болуучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карала атты камчылап, / Бастыра түшүп токтолуп, / Байкуш катын жабырап, / Башынан түштү кеп салып: / — Жакынкы өткөн заманда, / Маңгыттан чыккан Калдуубет, / Качып барган калдайга, / Сомбилектен куугун жеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…өлүп сойлойсуң, / Муңгул менен буруттун, / Ортосунда эр өлдү, / Эбегейсиз шер өлдү, / Кара өлдү, хан өлдү, / Сен колдуу болуп, Кененим, / Букарадан көп өлдү, / Жакынкысын айтканда, / Чиктей сындуу хан өлдү, / Темир тондуу Шалкымат, / Жез киндиктүү Кикимат, / Калдагай кулак Чойун алп - / Үчөө катар тең өлдү, / Атанын кунун кубам,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Абайлап, кемпир, угуп тур, / Жакынкысын мен айтам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ырааккы жерге баралбайт, / Таратып берсең канетет, / Жакынкы казак тобуна?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →