жакындык
- Арасы алыс эместик, чукулдук, ыраак эместик.
- Туугандык, тууган-туушкандык, жакшы жолдоштук, достук.
- Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык.
- Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши мүмкүн эмес эле («Чалкан»).
- Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы бардык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эрен бала Сейитти, / Кылжыке сынап ичинде, / Кыйалына толтуруп, / Түк чыгарбай бир сырын, / Кылжыке кылса жакындык, / Кыраан бала Сейити, / Көзгө илбейт теңсинип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →