жакында1
- Чукулдап келүү, жакын аралыкка келүү.
- Жакын аралыктан чыгуу, жакын арадан угулуу, туюлуу, сезилүү.
- Мезгили, убактысы жагынан аз калуу, белгилүү бир мезгил, убакыт, окуя ж.б. болоруна чукулдап калуу.
- Кандайдыр бир чекке, сан өлчөмүнө жете жаздап калуу, аз калуу.
- Мамилеси, өз ара катнашы, байланышы жагынан жакын болуу, жакын ымалада болуу.
- Жакындыгы, окшоштугу болуу, бири-бирине жакын келип, окшоп кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чылбырына жакындап, / Билгизбей Көкөй туруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Калкандан кызыл от жанып, / Жайнап жерде чок калып, / Чарайнага найзанын, / Учу тийип такылдап, / Байкап көрсө коросон, / Таланага кез болуп, / Келгендей өлүм жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара дөө баатыр жөнөдү, / Чаңчыкпас атын такымдап, / Кирип келди Кара дөө, / Келаткан элге жакындап, / Алдында минген Чаңчыкпас, / Төрт айагы такылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жакындап барганда кеңешип туруп, көчөлөрдү сыртынан бөлүп алдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →