жакшыр

китептерде 22 жолу, 7 китепте
  1. Түзөлүү, оңолуу, мурункусуна караганда түзүк абалга келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эр болот деп Асылды, / Элим, кыргыз, мактадың, / Куйругуна май төшөп, / Жер бастырбай бакканың, / Жакшыраак го Орунбай, / Убара болбой жатканың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Торгойдун жүзүн көргөлү, / Жакшыраак уктап алалбай, / Көзү уйкудан катыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак, Сыргагың, / Башын катпай мааналап, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Атышып жүрүп өлгөнүн / Үйдө жатып өлгөндөн / Жакшыраак деп турамын, / Эл чогулуп көмгөндөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…агызган менен кузгунга, / Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңойду шаңданып, / Тоону көрүп Кара дөө, / Айраң болуп, таң калып, / Аркы жагын караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жакшыраак кызмат кылалбай / Жабыгып келем бул кезге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →