жакшылыкча
- Жакшы сөз менен, жайынча, чыр-чатаксыз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тийишпесең тийбеймин, / Тете, сала хан деди, / Кубангандан келгенсиң, / Курнаамга келип кубанып, / Кырылып кетти элдериң, / Жалынбаймын мен сага, / Жакшылыкча бул кебим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайдан тапсам сулууну, / Жакшылыкча албаймын, / Жаңжал салбай калбаймын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →