жакшыла
- Бирөөнүн же бир нерсенин жакшы жагын чыгаруу, жакшы сапаттарын көрсөтүү.
- Бир нерсенин сапатын мурункусуна караганда түзүк кылуу, дурустап оңдоп коюу.
- жакшылап формасында. м.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жарадар болсоң, Медеркан, / Алып келип Таласка, / Азабыңды тарттырды, / Айылыңа кайра кеткинче, / Айабай мага бактырды, / Мөңкөтайды чыгарбай, / Төрүмө менин жаткырды, / Жараатыңа, Медеркан, / Жакшылап дары чаптырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сакадай менен Сары айар, / Кеңеш кыла калышты, / Жай алып жатты келгендер, / Жакшылап кабар алышты, / Сакадай кийди испанча, / Сары айар кийди калмакча, / Ашпоз боло калышты, / Чай сунуша барышты, / Кебин угуп алышты, / Кененимдин алдына, / Булар келе калышты, / Барганынан келгенин, / Бар кебин айта салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кыргыздын жайын жакшылап жаттаган!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Хан аябай кубанып, баланы мончого түшүрүүгө буйрук берип, андан кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган бөлмөгө жаткыртып койду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →