жакта
- Кубаттоо, бирөөнү колдоо, бирөөлөр тарапта болуу.
- Талкууга сунуш кылынган иштин, жобонун (диссертация, проект, дипломдук иш ж.б.) атайын заседаниеде кабыл алынышына жетишүү, аларды коргоо.
- грам. Этиш сөздөрдү үч жак боюнча жак, сан, чак формалары менен өзгөртүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кардыгач өлүү-тирүүбү, / Ошол жактан кеп сурап, / Билбедим деп Бекбача, / Ошончолук кеп кылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ой кардын жарайын, / Манастан калган коргонун, / Койбой такыр чагайын, / Талкалайын күмбөзүн, / Күйгүзөйүн ичтерин, / Деп ойлонуп арамкор, / Тополоң түшкөн тоз жакта, / Жердин бети көрүнбөс, / Топурак учкан боз чакта, / Камчы басып жөнөдү, / Бул бадырек тору атка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Ат чалдырып Ажатта, / Алмамбет калды ал жакта, / Жылкыны айдап эр Сыргак, / Бурулбай кетип баратса, / Алдынан чыкты бир дөбө, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм д…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…нин, / Сейтек көрүп алдында: / Ак жолтой тууган абакем, / Эмне үчүн бүркүтүн, / Агытып ийди экен, деп, / Агийинди абакем, / Агытпады бекер, деп, / Аңгычакты ар жактан, / Каныкей келди эпеңдеп, / Басып келди хан Бакай, / Калтырап муун тепеңдеп, / Желге ыргалып абаңдын, / Кыл сакалы сеңселет, / Теңселе басып Айчүрөк, / Бу да к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →