жакалаш

китептерде 17 жолу, 5 китепте
  1. Бирин-бири жакадан алышуу, жакадан алышып кармашуу, урушуу, Жаалданып экөө тең, Жакалашып калышты («Манас»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…шып, / Найзалары кагышып, / Каңкылдаган үн чыгып, / Карсылдашып салышып, / Оро-пара турушуп, / Ороолонуп урушуп, / Ойду-кайкы жарышып, / Оң- тескери чабышып, / Жакалашып жулушуп, / Жан алчудай болушуп, / Чокморлорун алышып, / Колтуктарын чойушуп, / Чокудан ары койушуп, / Балталары чакылдап, / Найзалары такылдап, / Чогоол сүйлөп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайраты артык Кененим, / Бул дагы алды жакадан, / Жакалашып тартышып, / Тамандашып тебишип, / Этектен орой кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Ээр кашына орошуп, / Алалбай аттан түшүрүп, / Алаканга түкүрүп, / Жакаларын … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күркүрөшкөн үнүнөн, / Көпчүлүк угуп жадашкан, / Алардын кылган ишинен, / Айырбай көзүн карашкан, / Айласы артып күч ташып, / Түн кетип, сүрүп таң аткан, / Менменсиген далай дөө, / Аларды көрүп жадашкан, / Жадагансып калбастан, / Баарлык күчүн айабай, / Жакалашып кармашкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Уңгусунан жарылып, / Сабы менен салышып, / Жакалашып тирешип, / Аттуу туруп күрөшүп, / Жакадан тартып чойушуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жакалашты бир кезде, / Жанаша атын бурушуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →