жакала

китептерде 19 жолу, 6 китепте
  1. Жакадан алуу, урушуу, туткактоо, чырдашуу максатында жакадан кармоо.
  2. Жака бойлоп жүрүү, жээктөө, бир нерсенин чети менен кыркалап өтүү, бойлоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лыкпады көзүнө, / Аш берерге ыктуу жер, / Чөптүү жерде суусу жок, / Суулуу жерде чөбү жок, / Батыштан көөнү кайтканда, / Чыгышты карай тартканда, / Шор дайраны жакалап, / Чыгышка бара жатканда, / Кээде агын суу бойлоп, / Кээде керүү жер бойлоп, / Кээде деңиз жакалап, / Кээде адыр аралап, / Кээде тулаң күр басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Иранкүдүк Чыңгышка, / Айткан экен башында: / “Тогуз ата болгунча, / Томолонбойт Манас” деп, / Ал айтканы чын болду, / Ажал алып жакалап, / Амалыбыз болбоду, / Жалаңгыч сарык Кененим, / Жалынсак тирүү койобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Махабат көлүн жакалап, / Нубасканы бакалап, / Жаткан кытай бабам бар, / Жан алгычтар анда бар, / Солк этип жүрөк козголду, / Кай жерде көрөр капам бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Урарга нөөмөт жетпесе, / Кетпей турар сагалап, / Абийириңди кетирет, / Катындар келип жакалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Булар минтип жатканда, / Кара мендер басканда, / Азабы кыстап жакалап, / Акылынан шашканда, / Окмогой менен Чокмогой, / Көңүлүндө каралык: / — Жүр экөөбүз баралык, / Сомбилек менен Ойроттун, / Урушун көрүп туралык, / Кимиси жеңип баратса, / Сыр алдырбай кишиге, / Күч жакта тура калалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →