жайыт

китептерде 28 жолу, 9 китепте
  1. Мал жайылуучу жер.
  2. Жай, орун, мекен.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жайыттан элдин малдарын, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жайытка малы толгондо / Жайнап кайра конгондо, / Атам-энем тең барсын, / Күйөөсү менен кызынын, / Абалын анан сурасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайытта уйдун богунан, / Томолоктоп кургатып, / Кылга тизип тагынат, / Ошентип жүрүп ар кайда, / Көрүнүп элге далайга, / Түбү жок зандим бир жерге, / Түшүп өлдү жеркуйга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жайыттан эрменди сыдырып жеген, тоо тулаңын кыдырып жеген бир эчкиге жолугат, ага: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →