жайынча
- Жай олтуруп, шашылбай.
- Жөн гана, тим эле. Жайынча жүргөн киши болуу керек (Жантөшев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздан чыккан кыраанын, / Келатып жолдо көз көрдү, / Жакшы-жаман дебестен, / Жайынча айтып өткөрдү, / Тамызгыдай кыргыздар, / Ысыгы калып өчкөндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…н баары таңданган, / Бир иретки сыйкырга, / Кадимкисиз жарайт байкасаң, / Аккулжанын териси, / Кургатып койуп жамынса, / Соорандыктын чен тону, / Нак өзү болот жайынча, / Тааный албайт так айрып, / Жабылган черүү барынча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чай тамагын алдырып, / Дасторконун жайдырып, / Ашпоздору жүгүрүп, / Тамагын койду жайынча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Хандын кызы Каныкей, / Жалгыз жанга туйгузбай, / Жайынча кызмат кылды эми, / Кайрылбай кетти кайран эр, / Каныкейди үшкүртүп, / Ажы менен молдого, / Бейитке куран түшүртүп, / Бар кызматы бүткөн соң, / Дүрбөгөндү кайтарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жайынча башка күтүндү, / Төрт тиштүү койдон ылгатып, / Эркегине сойдурду, / Беш кишиге бирден кой, / Эт тартырып койдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →