жайында1

китептерде 16 жолу, 7 китепте жайында 2 →
  1. Жай убагында, жай мезгилинде, жайкысын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карылары бир жерде, / Жаштары чогуу ар жерде, / Кыз-келиндер бир бөлөк, / Ак чөөлүм, көлбука, / Теке тырмыш бир жакта, / Ордосун атып дүркүрөп, / Бозосун ичип күркүрөп, / Чын курандын айында, / Байге бөлүп, кунан чаап, / Баш бошобой жайында, / Күндө ойун-тамаша, / Ак калпак кыргыз айлында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жай-жайы менен бүтүргүн, / Өз жайында болбосо, / Бул олтурган канча жан, / Ханынан жарлык алышып, / Айткандардын баарысын, / Биринен бири табышып, / Ичинен эзип ичирип, / Тышынан сыйпап чабышып, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Барсаң баатыр, бар, — деди, / Жайында айткын бар кепти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жайында чыккан жайлоого, / Жай өтүп, жакын күз жетип / Кызыл-тазыл гүл бүткөн, / Кыйартып өңүң өзгөртүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кийинки жылы жайында Элебес мени Василий деген адамга малай берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →