жайын
- Жайкысын, жайында.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак киши болуп кыргызга, / Бекбачаны баш кылып, / Баш көтөргөн кыргызга, / Бир амалды кылмакчы, / Эбин тапса эңкейтип, / Баарынын жайын тапмакчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тайдын жайын мен айттым, / Болбой Жакып алганы...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кабар берген калкына / Аттуу баштуу жалпыга, / Миңден ашык эл келди, / Кары-жашы тең келди, / Чакыртып келди Керменбай, / Кептин жайын билгендин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →