жайылуу

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Жайылган абалда, жайылып коюлган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кең кула менен желгени, / Кызыл кыргын кезинде, / Элге жетип келгени, / Жазганбастан сайышкан, / Көзү көрдү элдерди, / Баатырдын туусу сайылуу, / Желеги көккө жайылуу, / Жанын айап калбады, / Кабылан тууган Кененим: / — Калдагай кулак кайда, — деп, / Канчалык кылсаң айла, — деп, / Бир жаныңа табылбайт, / Кутулар менден арга! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алтын алсаң, зар алсаң, / Шири капка салылуу, / Төрт түлүктүү мал алсаң, / Өрүштө бар жайылуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жайылуу жерге барганда, / Гүлүстөн билге алыңар, / Отун-сууга салбаңар, / Мен айтканды укпайт деп, / Кара мүртөз Кыйаздан, / Бир балаага калбаңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →