жайылма
- Суунун жайылып ага турган жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жайылма деген бир катын, / Эбегейсиз башкача, / Өтө сулуу неме эле, / Базар ачып өзүнчө, / Баш байлабай кара бет, / Күн кечирип жүрчү эле, / Шаарга кирип Бекбача, / Ба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кулуң болду Беттибет, / Жайылмага сен айтып, / Мага алып бергин, деп, / Мындай айтсаң эп келет, / Бойго жеткен кыз болсо, / Жез оймоктуу уз болсо, / Мен алам деп ушуну, / Эркек айтат эмеспи.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Таласка көчүп барыңар, / Жайыктан конуш алыңар, / Камкалуу жерди талашып, / Калба кылып калбаңар, / Жайылмага Жамгырчы, / Кеңтескейге Текечи, / Жакакташка Жакып хан, / Кеңартууга Шыгай хан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жакып байга караган, / Жаакташка конду эле, / Бакай хандын конушу, / Майбулакта болду эле, / Жамгырчыга караган, / Жайылмада болчу эле, / Текечинин конушу, / Тетиги турган кең Тескей, / Шыгай хандын элдери, / Чоң артууну жээктей, / Бир келки аппак жабуусу, / Эр Чубактын айылы, / Кара…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…кыректе чоң сөйкө, / Алтындан чачпак сооруда, / Ар түрлөнүп кубулган, / Арген үндүү келинди, / Жаакташ менен Майбулак, / Жарашыктуу жеримди, / Кең Тескей менен Жайылма, / Жайыты малга кеңири, / Буура кужур, Акташы, / Жергенин сарыталаасын, / Жерлээр күнүм болоорбу?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →