жайыл1

китептерде 236 жолу, 10 китепте
  1. Жыйнаксыз, эндекей.
  2. Айкөл, берешен, жайыл дасторкон, кең пейил.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Топчулуксуз тондору, / Жайылып кетти далбактап, / Найза менен сайганда / Балта менен сайдырбай, / Калдык кайра какканда, / Талкаланып найзасы, / Куру кол болгон чактарда, / Балта менен балакет, / Кардын жара чапты анда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Унутулуп калбаска, / Урпактарга жайылттым, / Азыраак кыргыз эл эмес, / Ай-ааламга тааныттым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…й, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулжадай төшүн салынтып, / Аттар чарчап жүрбөдү, / Жөө күрөшкө кирди эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ээрчип жүрдү зарылып, / Карабады Семетей, / Кабагын ачып жайылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бала коштошуп, жайыл супараны көтөрүп алып, энесине келип, "Жайыл супара, жайыл! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →