жайы-кышы
- Жыл бою, жайында да, кышында да.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Беш жерде калың топ турат, / Жазайыл мылтык, жаа кошо, / Жайнатып төккөн ок турат, / Байкап көрсө белгиси, / Жалындап күйгөн от турат, / Жайы-кышы өчкүсүз, / Жайнаган кызыл чок турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Төкөр уста Бөлөкбай, / Жайы-кышы жасаган, / Эшик эндүү ай балта, / Кармай алды сабынан, / Как ыргайга саптаган, / Пил терисин каптаган, / Арта салып ийинге, / Ээрдин кесе тиштенип, / Эр Семете…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ашагандан машады, / Төкөр уста Бөлөкбай, / Жайы-кышы бир үйдө / Жалгыз жатып жасады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаткан жерде жатын бир, / Жайылганда малы бир, / Жайы-кышы айыл бир, / Айткан кепте акыл бир, / Тамыры туташ такыр бир, / Аралаш жүргөн жети хан, / Айткан кебин акташкан, / Акырет болуп бир-бирин, / Жат душмандан сакташкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →