жайчы

китептерде 12 жолу, 4 китепте
  1. миф. Жай таштын жардамы менен аба ырайын өзгөртүп жиберүүчү сыйкырчы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хандан булар кеп угуп / Кандай дээрин биле албай, / Канчага Калдык буулуп, / Жана калдык жай айтты, / Жакшыларга муну айтты: / — Жайчың болсо жайын айт, / Далычың болсо дайынын айт, / Төлгөчүң болсо, төгүн айт, / Төгүн айтпай чынын айт, / Изчиң болсо билип айт, / Көргөн болсоң көзөп айт, / Көз … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өзү жайчы арам ит, / Күндү жайлап жиберип, / Жердин бети көрүнбөй, / Агарып кар алыптыр, / Жылантору тулпары, / Жер капканга кол салып, / Мүдүрүлүп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алдырабай, ашыкпай, / Жайчылар туруп теңселип, / Ачып көзүн караса, / Кыргыздын эли карада, / Кар жаабаган аларга, / Түн бойу кылган сыйкырдык, / Билбеди кеткен кайакка? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Жайчыларың келгин — деп, / Жаадырып күндү бергин — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Эки күн өтүп кеткенде, / Музбурчактын Аккубак, / Анжунун элин азгырып, / Элүү миңин котчу алып, / Жапандарды кубалап, / Суук Шиберге барганда, / Өзү жайчы Аккубак, / Күндү жайлап дубалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →