жайсыз
- Орунсуз, ыңгайсыз, маанисиз, жайы жок, начар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жай таппаган селсайак, / Жайсыз киши эмесмин, / Мен Котенден жөнөдүм, / Таласка барып келемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жедигерде кыргызды, / Кошуп алып нетейин, / Жайсыз киши барат, деп, / Башында айттың, береним, / Мен падыша тукуму, / Билгеним айтып акыл кеп, / Көп масилет берейин, / Таласка барып нетели, / Карап турбай талаада, / Калдайган калың кол менен, / Каңгайга бара кетели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Уруксаат бер, барайын, / Жери жайлуу кең болсо, / Жылкыны багып жатармын, / Ар качан сага айтаармын, / Жайсыз болсо барган жер, / Малды айдатып кайтамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жайсыз жерде жайладын, / Капарда жок алдадың, / Жазылбай калды арманым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кайта бул сөз ага какшык көрүнүп, ого бетер жанына жайсыз тийди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →