жайсаң

китептерде 17 жолу, 2 китепте
  1. Эпостордо: калмактардын эл башкаруучусу, башчы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…к тону бек болсо, / Алмамбет айткан эп болсо, / Кезектешип, сайышсын, / Келер ишин карасын, / Көмөрө сайып кулатса, / Алгара кууп барбасын, / Жетимиш алп, кырк жайсаң, / Арасында калбасын, / Кытайлардын Жойкара, / Андан күмөн кылбасын, / Алмамбет бар мында деп, / Ашкере билем алып калмак, / Аралап элге барбасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Атын уксаң мамындай: / Караногой Мажиги, / Камбардын уулу Чалиги; / Кайгуул, Бөкүл, Торолчу, / Кабарга кыйын болуучу; / Шыңгынын уулу Кербени, / Шыптуу кашка дүрбөөнү; / Саргыл аттуу Затайы, / Ал жандардын Атайы; / Үйшүндөрдүн Үмөтү, / Үмөтаалы Жайсаңы; / Бообек, Шаабек, Шүкүрү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кабарчы алты жайсанды, / Жаңыдан кошо канчаны, / Макилге кайта жумшады, / Баарын айттык башында, / Алып барган суугасын, / Эми жана угуңар, / Макил дөөнүн коогасын, / Түрүн көргөн жайсандар, / Туруп булар калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайсаң, Мажик эрлерим, / Биттейимен айрылбай, / Бирге басып жүргөнүм, / Эрлерден түгөл айрылып, / Өлбөгөн турат сүлдөрүм! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жаңыдан атка мингенде, Алоокенин кенжеси, / Алтымыш жайсаң инисин, / Ороккырды жалмаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →