жайпа

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Бир нерсенин бетин каптоо, каптай жайылуу (көбүнчө сууга карата).
  2. Өтө көп болуп көрүнүү, көп болуп каптап кирүү, жайыла кирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кудай бетин ары кыл, / Келе жаткан көпчүлүк, / Кара курттай быжылдап, / Сел аккандай жымылдап, / Жердин бетин жык жайпап, / Адам тилин түк билбейт, / Кара курттай кымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Экөөбүз козуларды кошуп жиберип, жогору жайпатып олтуруп, чоң беттеги калың табылгыны аралатып жибердик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жайпап жүрүп отуруп, Кызыл-Кыянын так түбүнө келгенде, эл ушунда убадалаш-кандай туш-туштан агып, жыйналып бир берди дейсиң... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Тышка чыксам Армолдонун кою сайды бойлоп, төмөн карай жайпап бараткан экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →