жайнамаз
- Намаз окуу үчүн пайдалана турган таза ак кийиз, же кездеме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ада эл менен, / Карахандын айылына, / Жетип барды Абдылда, / Кечки салкын бешимде, / Олтурган экен Карахан, / Кош кашаттын бетинде, / Чогулуп кыйла эл менен, / Жайнамаздын үстүндө, / Айылдын аркы четинде, / Жорголото бастырып, / Абдылда баатыр жетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Агып жаткан арыктан, / Адал даарат алышып, / Жайнамазын салдырып, / Экөө сүннөт, экөө парз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →