жайна

китептерде 338 жолу, 10 китепте
  1. Жыбырап, эң эле көп болуу, жайылып-чачылган абалда болуу.
  2. Жалжылдоо, жоодураган, балбылдаган көрүнүштө болуу.
  3. Шат, нурланган көрүнүштө, кубанычтуу абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Калкандан кызыл от жанып, / Жайнап жерде чок калып, / Чарайнага найзанын, / Учу тийип такылдап, / Байкап көрсө коросон, / Таланага кез болуп, / Келгендей өлүм жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…танган, / Дөөлөр менен беттешкен, / Күч ортосун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тартка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажалың тартып келипсиң, / Жеткирбей сени Таласка, / Кадемиңди катырып, / Кара жерге тапшырып, / Жер жайнаган колуду, / Олжо кылып алайын, / Кутургурду сайдым деп, / Сүйүнчүлөп барайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →